www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу, ӨКМдин потенциалын жогорулатуу жана заманбап эрте эскертүү системаларын киргизүү багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Айрыкча жер титирөөлөр тууралуу эрте эскертүү системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Бул система Кыргызстан калкын жана Борбор Азия өлкөлөрүн мүмкүн болгон табигый кырсыктар тууралуу өз убагында маалымдоого багытталган.

Япон тарап бул демилгени колдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар буга чейин ишке ашырылган долбоорлордун алкагындагы ийгиликтүү кызматташтыкты белгилешип, ӨКМдин мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган иштерди жогору баалашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызматташууну улантуу жана Кыргызстан менен аймактын өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө ниеттерин ырасташты.

Последние новости