www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Калыс-Ордо 2 жаңы конушунда ит талаган баланын атасы Бекзат Туйтеев президент Садыр Жапаровдон өзүн кабыл алууну суранды. Бул тууралуу Азаттык жазды.

Бекзат Туйтеев кыргыз дарыгерлерине ыраазы экенин, бирок баштын жулунган терисин жамап, ордуна келтирүү үчүн кымбат операция талап кылынарын билдирди.

Анын айтымында, мындай операцияларды жасоо тажрыйбасы Түркияда жакшы өнүккөндүктөн баланы ушул өлкөгө алып барууга же түрк дарыгерлерин бул жакка чакырууга мамлекеттик деңгээлде жардам көрсөтүлсө деп үмүттөнөт.

Баласы кырсыктагандан бери ооруканада түнөп жатканын айткан Туйтеев тергөө адилет жүрүп, иттерди кармаган үйдүн ээсине чара көрүүнү да суранууда.

Анын айтымында, коңшусу үйүндө жашабаганы менен короосунда иттер байырлаганын көрүп жүргөн.

Туйтеев беш баланын атасы. Калыс-Ордо 2 конушунда батирде 30 миң сомдон төлөп жашайт. Ит талаган алты жаштагы Умар эң кичүү уулу. Калган уул-кыздары дагы жаш. Кырсык болгон күнү жубайы экөө тең жумушта болгон.

Ит талаган балага жардам көрсөтүүнү каалагандар бул реквизитке акча которсо болот:

Алуучунун банкы: ОАО Оптима Банк

Алуучу: ТУЙТЕЕВ БЕКЗАТ АРЗЫМАТОВИЧ

Алуучунун эсеби: 1090935006438391

1-апрелде Калыс-Ордо 2 конушунда коңшусунун короосуна кулап кеткен баланы үч-төрт ит талаган. Бала Шаардык медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына жеткирилип, операция болгон.

Последние новости