www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сергей Цивилев жана Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетикалык кызматташтыкты талкуулашты.
Сергей Цивилев Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуу "Энергопром" эл аралык электр энергетикасы форумунун алкагында өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар орусиялык энергетикалык жабдууларды сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык программасын талкуулашты.
Тараптар кыргызстандык сатып алуучулар менен орусиялык өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы тармактык заказдардын узак мөөнөттүү системасына негизделген пилоттук сатып алуу программасын ишке киргизүү үстүндө иштеп жатканы белгиленди.
Энергетика министрлигинин башчысы программаны ишке ашыруу кыргыз компанияларына жеткирүү мөөнөттөрү болжолдуу түрдө белгиленген жогорку сапаттагы жабдууларды алууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Ал эми Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн заманбап технологияларды, сапаттуу жабдууларды колдонуу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи.
Электр энергетикасы тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү үчүн, анын ичинде эл аралык тармактык сатып алуулардын пилоттук системасын түзүүнүн алкагында, форумдун алкагында тиешелүү министрликтер аралык меморандумга кол коюлду.