www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут, ошондой эле Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт менен жолукту.
Жолугушуу Эрлист Акунбековдун Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында орун алды.
Анда тараптар айыл чарба тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өсүп жаткандыгын белгилешти.
Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калары белгиленди.
Кыргыз тарап Россиянын рыногуна ата мекендик айыл чарба продукциясын, анын ичинде эт, сүт, кайра иштетилген тамак-аш, балык азыктарын экспорттоону мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
2025-жылдын декабрында кол коюлган Агроөнөр жай комплексинде кооперацияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга, ошондой эле Россиядан Кыргызстанга асыл тукум малды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө көңүл бурулду.
Кызматташтыктын өзүнчө багыты болуп ветеринария жана илимий изилдөөлөр боюнча кызматташууну өнүктүрүү саналат. Кыргыз тарап россиялык адистештирилген мекемелер, анын ичинде Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институту менен заманбап вакциналарды жеткирүү, тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо боюнча өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле, илимий-техникалык кызматташтык келишимдерин түзүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү, эл аралык долбоорлорго катышуу, стажировка программаларын ишке ашыруунун келечеги талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба тармагында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга умтуларын ырасташты.