www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 21-июлдан тартып коронавирустан үйүнөн дарыланып жаткан жарандарга керектүү дары-дармек салынган кутулар бекер берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Координациялык кеңешинин башчысы Хабибулла Акиловго таянып, өзбек басылмалары жазып чыкты.

Анын айтымында, ушул тушта ташкенттиктерге таратып берүү үчүн беш миң куту дары-дармек даярдалды.

Өкмөттүн чечими менен Өзбекстанда үйүнөн дарыланып жаткан бейтаптарга акысыз дары-дармек таратылып берилери айтылган.

Соңку бир күндө өлкөдө COVID-19 дагы 566 адамдан аныкталды. Ооругандардын жалпы саны 16752 адамга жетти. Бул илдеттен 87 бейтап көз жумду.

Мунун алдында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев коронавирус пандемиясынын алдын алуу иш-аракеттери начар жүргөнүнө байланыштуу аткаминерлерди сынга алган. Өткөн аптада президент саламаттык сактоо министри менен Ташкент облусунун акимине сөгүш берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости