www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан өз инисин өлтүргөнгө шектүү катары 1983-жылы туулган Алай районунун Ак-Босого айылынын тургуну Б.А. кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал алгачкы тергөө учурунда инисинин көп ичип кеткендиги, элге-журтка уят кылып жаткандыгына байланыштуу аны жакшы жолго чакыргандыгын бирок, иниси каяша айтып, укпай койгондуктан бир чапканда иниси талуу (башынын арка тарабы менен ташка жыгылган) жери менен ташка кулап, эсин жоготуп койгондугун айткан. Өлтүрүү оюнда жок экендигин билдирген. Эсин жоготуп койгон инисин ооруканага өзү алып барган.

Учурда анын көрсөтмөсү текшерилип жатат.

Шектүүнүн каза болгон иниси 1985-жылы туулган Б.М.  аттуу иниси 20-июль күнү саат 21.00 чамасында Ош облустук ооруканасына оор абалда жаран түшкөндүгү тууралуу маалыматты аталган оорукана кызматкерлери тарабынан берилген.

Видеотасмада шектүү Б.А.нын берген көрсөтмөсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости