www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 31-марттагы Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Кемин» подстанциясы менен жаңы «Балыкчы» подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Кемин» подстанциясы менен жаңы «Балыкчы» подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов белгилегендей, «Кемин-Балыкчы» АЧ-500 кВ электр берүү линиясын жана «Балыкчы» 500 кВ жаңы көмөк чордонун куруу долбоору улуттук энергетика туруктуулугун жогорулатууга жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө, учурдагы 220 кВ линияларынын ашыкча жүктөлүшүнө байланыштуу чектөөлөрдү жоюуга, ошондой эле Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан кайра жаралуучу энергия булактарынын (күн жана шамал генерациясы) жаңы объекттеринин кубаттуулугун камсыздоого багытталган. Долбоордун жалпы суммасы 67,7 млн еврону түзөт (61,7 млн евро – кредит, 3 млн евро – грант, ошондой эле 3 млн евро – консультациялык чыгымдарга берилүүчү грант).