www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан укук коргоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын катышуусунда ведомстволук аралык кеңешме өткөрүлүп, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу жана аларга карата жасалган укук бузууларды болтурбоо маселелери каралды.
Катышуучулар тарабынан учурдагы абал талданып, укук бузуулардын себептери жана шарттары белгиленип, аларды жоюуга багытталган алдын алуу иш-чараларын күчөтүү, ведомстволор аралык аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү боюнча сунуштар берилди. Ошону менен катар, жашы жете электердин укуктарын коргоо, тобокелдик топтогу үй-бүлөлөр менен даректүү иш алып баруу, билим берүү жана социалдык кызматтардын ролун күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар коюлуп, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу жана бул багыттагы иштерди туруктуу көзөмөлгө алуу зарылдыгы белгиленди.