www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Алтымышев көчөсү Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймакты бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул иштер өзгөчө кырдаалдар учурунда дарыя нугун тазалоо үчүн атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү объекттер демонтаждалды:

* 57 метр темир тосмолор;

* 6 жеңил типтеги объект (ООТ);

* 4 күркө ;

* 2 контейнер;

* жалпы аянты 80 чарчы метр болгон бастырмалар;

* 4 капиталдык объект (анын ичинде химтазалоо жана сулуулук салону);

* 12 чарбалык курулуш;

* 9 капиталдык тосмо.

Жыйынтыгында 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 5 жаранга жалпы суммасы 150 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан Алтымышев көчөсү, 124 дарегинде жайгашкан (СПА-салон) жер тилкесин бошотуу маселеси боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгына расмий кат жөнөтүлдү. Бул объектте мамлекеттик акт бар.

Муниципалдык жерлерди пайдаланууну тартипке келтирүү жана шаардык инфраструктуранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер улантылат.

Последние новости