www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда ата-энесинин камкордугунан ажыраган жана жеке турак жайы жок 10 балага үй куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп, тиешелүү документтери тапшырылды. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мүлктүк укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 10 баланын турак жайы жана үй курууга жер тилкеси жок экени аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, ар бир балага турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнгөн. Ошондой эле аларга жер тилкесине болгон укукту тастыктаган документтер тапшырылган.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, ата-энесинин камкордугунан ажыраган жана турак жайы жок балдарга белгиленген тартипте турак жай аянтын кезексиз алуу кепилдиги каралган.