www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас шаарында жана облус аймагында орнотулган видеобайкоо камералары аркылуу коомдук жайлар, эл көп чогулган аймактар жана жол кыймылы көзөмөлдөнүп жатат.

Камералардан алынган маалыматтар ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүгө, транспорт агымын көзөмөлдөөгө жана мыйзам бузууларга өз убагында чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ИИМдин кызматкерлери майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Последние новости