www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Казакстандын Түркиядагы элчилиги жана ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган залкар казак ырчысы, актёру, композитору жана домбрачысы Манарбек Ержановдун 125 жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Манарбек Ержановдун чыгармачылык жолу, улуттук искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы жана бай музыкалык мурасы кеңири белгиленди.

Манарбек Ержанов (1901–1966) — казактын салттуу музыкалык жана сахналык өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири.

Ал ырчылык, композитордук жана актёрдук таланты менен казак маданиятынын тарыхында өзгөчө из калтырган.

Анын чыгармачылык мурасы казак элинин маданияты менен гана чектелбестен, кыргыз жана башка түрк элдеринин ортосундагы тарыхый-маданий байланыштардын маанилүү бөлүгү катары бааланат.

Последние новости