www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы кошумча корпус курулду.

Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Объекттин жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Анда заманбап окуу класстары, химия жана биология сабактары үчүн лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек класстары жана жыйындар залы каралган. Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоорду ишке ашыруу аймактагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
 

Последние новости