www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров 1-октябрда АКШда Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышты. Спутник Калифорниядагы Ванденберг аскердик-аба базасынан «SpaceX» компаниясынын «Falcon 9» ракетасы аркылуу орбитага чыгарылды.
Спутник Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын биргелешкен долбоорунун алкагында жасалып, Бишкектеги борбордон башкарылат.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, спутниктен алынган маалыматтар айыл чарба жерлерин, мөңгүлөрдү, суу объектилерин, токойлорду жана жайыттарды көзөмөлдөөгө, ошондой эле жаратылыш кырсыктарын — кургакчылык, сел, суу ташкыны, жер көчкү жана токой өрттөрүн эрте аныктоого пайдаланылат.
Мындан тышкары, спутниктик маалыматтар мыйзамсыз жер казуу, уруксатсыз таштанды төгүү жана айлана-чөйрөнүн булганышын аныктоого, логистикалык каттамдарды оптималдаштырууга жана келечекте мамлекеттик санариптик системалар менен интеграциялоого багытталат.