www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында “Кыргызстандын тоолуу аймактарында геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү келечеги” темасында симпозиум өтүп жатат. 

Иш-чара Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023-2027) алкагында уюштурулду. 

Уюштуруучу катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен иш алып барды. 

Симпозиумга Жогорку Кеңештин, Президенттин Администрациясынын, тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Симпозиум Кыргызстанда геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү аркылуу тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду. Катышуучулар геологиялык, табигый жана маданий мурастарды сактоо, туруктуу туризмди, илимди жана жашыл экономиканы өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу маселелерин карашты.

Кыргызстанда геопарктарды түзүү боюнча Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги “Тескей геопаркына”, Баткен облусунда Мадыген”  жана Ош облусундагы геопаркка өзгөчө көңүл бурулду. 

Ошондой эле Геопарктар боюнча ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, улуттук координациялоочу органды түзүү жана бул багыттагы изилдөөлөрдү колдоочу илимий чөйрөнү өнүктүрүү маселелери каралды.

Симпозиум Кыргызстанды ЮНЕСКОнун Глобалдык геопарктарынын эл аралык тармагына интеграциялоо жана республиканын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүү максатында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана жергиликтүү жамааттардын күч-аракеттерин бириктирүүнүн жана координациялоонун маанилүүлүгүн белгилөө менен, мындан аркы конкреттүү кадамдарды аныктоого багытталган.

 

Последние новости