www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунда турак жай куруу үчүн жайыт жерлерин мыйзамсыз бөлүп берүү жана жер тилкелеринин бири-бирине дал келиши боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, жайыт категориясына кирген жер тилкелери мыйзамсыз түрдө турак жай курууга берилген. Мындан тышкары, бир эле жер тилкеси бир нече адамга бөлүштүрүлүп калган учурлар да аныкталган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө Сузак РИИБинин тергөө кызматына тапшырылган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө мурдагы Ырыс айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталганы айтылды.
29-сентябрда шектүү катары Ырыс айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын орун басары А.А., жерге жайгаштыруу боюнча адистер М.Д. жана Э.А., ошондой эле картограф Р.С. кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Алдын ала маалымат боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 1 миллион 419 миң сомду түзөт.
Тергөө иштери уланууда.