www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны акыркы 5 жылда 146 миңден ашык адамга (25%) көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2026-жылдын башында эмгекке жарамдуу курактан өткөн 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%ын түзөт.
Ал эми 65 жаштан жогоркулар 475 миңден ашты, же калктын 6,4%ын түздү. БУУнун классификациясы боюнча, бул Кыргызстан калкы картаюу босогосунда турганын билдирет.
Улгайгандардын арасында аялдар басымдуу: 493 миң аялга каршы 244 миң эркек. Аялдардын орточо өмүр узактыгы 76,9 жыл, эркектердики 68,7 жыл.
БУУнун болжолуна ылайык, 2030-жылга карата 65 жаштан жогоркулардын үлүшү 7%га жакындайт.
2025-жылдын аягында Кыргызстанда жалпы 868 миң пенсионер каттоодо турган, алардын 671 миңден ашыгы (77%) жаш курагы боюнча пенсия алган.