www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков алдындагы ашынан айрылган 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин бийликти алууга умтулуп, бирок элдин колдоосуна ээ боло албай, саясий аренадан сүрүлүп Россияга чыгып кеткен Сапар Исаков деген бар.
Ар дайым ара-чолодо “Россия колдойт экен, президенттикке сүрөп жатыптыр” деген өңүттө учуртма маалыматтарды чыгарып, бар экенин билгизип турат. Бирок анысы дагы акыркы кездери анчейин көңүлгө алынбай, маани берилбей калды көрүнөт.
Дегенибиз, келе жаткан шайлоодо ага Россия тарап “ставка” кылбай турганы сөз болууда. Сыягы, эли колдобогондон кийин “мойнунан байланган ит ууга жарабайт” деген өңүттө “аналитикалык справка” даярдалып тиешелүү тараптарга берилген окшойт.
Албетте, Сапар Исаков билимдүү, мамлекеттик кызматта таржырыйбасы бар, жаш жигердүү кыргыздын мыкты жигиттеринин бири. Бирок “этеги жаман жеринен айрылып” деген макалдай, “жыгач аттары” деген айыңдан кутулуп, реаблитация болмоюн элдин аны кабыл алуусу өтө эле кыйын.