www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоонун мурдагы министри Талантбек Батыралиев өлкөдөгү катуу чектөөлөргө карабастан, COVID-19дун кеңири жайылып кетиши, аны жеңүүнүн жолдору жана жарандардын жоопкерчилиги туурасында пикирин билдирди.

--Дээрлик эки ай изоляцияда отурган коомчулук бүгүнкү күндөгү илдеттин кескин көбөйүп кетишине түшүнбөй турат...

--Учурда COVID-19 боюнча түзүлгөн республикалык штаб керектүү иштерди мүмкүнчүлүгүнө жараша жасоодо. Бирок, коом муну туура кабыл албай, ар бир жарандын жоопкерчилиги ойдогудай болбой жатат. “Мамлекет кылсын” дегендей мамилени көрүп турабыз. Турмушта пандемия жугуштуу оору катары ар бирибиздин жоопкерчилигибизге жараша таркоодо. Кырдаалдын өрчүп баратканына бүтпөгөн куран окутуулар, аш-тойлор да себепчи. Мындай көрүнүштөр жоопкерчиликсиздиктин белгиси. Ушинтип жүрө берсек, бул оору эч качан токтобойт. Мындан тышкары, пандемияга каршы режим азайып, жеңилдегенден кийин коомдук транспорттордогу тыгындар, мамлекеттик мекемелердеги, банктардагы кезек күтүүлөр кайрадан орун алып, аралыкты, тартипти сактабаган тескери көрүнүштөр көп. Ошондуктан, штабга жардам берип, алардын айткандарын так аткарып, колубуздан келишинче түшүнүү менен мамиле кылуу маанилүү. 

--Кырдаал оорлошуп кетсе, кайра карантинге кирүү ыктымалдыгы айтылууда. Чектөөлөрсүз ооруну азайта албайбызбы?

--Эми элибиз укпай жатса, абал көзөмөлдөн чыгып, кырдаал курчуп кетсе,  анда кандай кылыш керек? Муну токтотуунун бир эле жолу – чектөө да. Албетте, карантиндин тескери таасирлери арбын. Айрыкча экономикага, күнүмдүк жумуш менен акча таап, үй-бүлөсүн баккандарга кыйын. Бирок, жарандар беткап тагынып, эрежелерди так сактаса, ооруну токтотуп калганга мүмкүнчүлүк бар. Республикалык штаб жагдайды терең анализдебей туруп, эртең эле кайра карантинге барат (!) деп ойлобойм. Парламенттик шайлоого даярданып жаткандар, партия лидерлери, белгилүү саясатчылар социалдык тармак, телеканалардар аркылуу элди тартиптүү болууга чакырып, түшүндүрүү иштерине активдүү катышса жакшы болмок. Мени бүгүн шайлоо же шайлоонун жыйынтыгы эмес, пандемиядан элибизди кантип чыгарып кетерибиз түйшөлтүп, тынчымды алууда. 

--Оору жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин катары өсүп баратат, мындай кырдаалда ак халатчандарга кандай колдоо маанилүү болот?  

-- Жалпак тил менен айтканда, “пандемия – вирустун адамзатка ачкан согушу”. Медицина кызматкерлери ошол согуштун алдыңкы катарында турушууда. Илдет менен күрөшүп жаткан доктурларга рахмат айтып, ден соолук, ийгилик каалайм. Бирок, аларды күнөөлөгөндөн алысмын. Анткени, алардын вирус менен толук кандуу күрөшүүсүнө шарт түзүп, тамак-аш жана коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу бир эле саламаттык сактоо министрлигинин милдети эмес. Дагы айта кетиш керек, алдыңкы фронто бир эле медиктер иштеп жаткан жок, башка тармактын кызматкерлери да активдүү катышууда. Ошондуктан, коомдогу ар бир жаран, ар бир тармактын адиси кымбат, алардын баарын баалашыбыз керек. 

Булак: АЗИЯnews

Последние новости