www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда 2 жаштагы баласын бычактап өлтүргөн деп кармалган аялга соттун чечими чыкты. Бул тууралуу орусиялыкк маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, баланын денесинен бычактын сайылган 17 изи табылган. Окуя өткөн жылдын август айында болгон. Киров облусунда 30 жаштагы аял 2 жаштагы баласы менен тааныштарынын үйүнө конокко келген. Алар спирт ичимдигин ичип эс алып отурушканда бала сыртка чыгам деп, эшиктин жанына келип алган. Баланын бул аракетине ачууланган аял анын бир канча жерине бычак сайып өлтүргөн.

Полиция тергөө-иликтөө иштерин баштаганда аял баланы анын 41 жаштагы таанышы өлтүргөнүн айткан. Бирок тергөөнүн жыйынтыгында ал өзү өлтүргөнү белгилүү болгон. Сот аны 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Мындан тышкары жаза мөөнөтү аяктап абактан чыккандан кийин башка аймакка чыгууга жана жашаган жерин алмаштырууга тыюу салган.

Соттолуучунун атасы соттун чечими менен макул экендигин билдирип, кызы колу менен жасаганды мойну менен тартыш керектигин айткан. Ошондой эле ал кызы апасы каза болуп калгандан кийин спирттик ичимдиктерге берилип, балдарына көп көңүл бурбай калганын билдирген. Аялдын 6 жаштагы дагы бир баласы бар.

Соттолуучу психологиялык-неврологиялык диспансерде каттоодо болгон. Бирок сот ал баланы өлтүрүп жатканда эмне кылып жатканын аңдап-түшүнүп турган деген жыйынтыкка келген. Күнөөлүү деп табылган аял соттун чечими менен макул эместигин, кийинки инстанцияга кайрыла турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости