www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта аялын сабаган кишиге өкүм чыкты

Сузак районунун тургуну үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн коомдук жумушка тартылды. Иштин материалдары райондук сот тарабынан каралып, 2020-жылдын 1-июлунда өкүм чыгарылган.

Соттолуучу, 1983-жылы 16-августта Сузак районунда туулган, үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Кыз-Көл айыл округуна караштуу Кашка-Терек айылында жашайт.

Ага 75-берене  (“Үй-бүлөдөгү зомбулук”) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 22-апрелинде саат 15:00 чамасында соттолуучу аялы менен “Nissan Tiana” автоунаасын айдап бара жаткан. Кашка-Терек айылынын кире беришинде ал жубайын уруп-согуп, тепкилеген.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алган жаракаттары ден-соолугуна жеңил зыян катары бааланат.

Сот отурумунда жолдошу күнөөсүн мойнуна алып, жаңжал түшүнбөстүктөн улам болгонун айтты. Ачуусу келип, ал аялын бир нече жолу чаап жиберген. Айылдаш күбөнүн айтымында, ал эч жерде иштебейт жана айыппулду төлөй албайт.

Жубайынын айтымында, алар ошол күнү айылга кайтып келишкен. Алардын ортосунда кайым-айтышуу болуп, күйөөсү аны сабап, коркуткан. Ал күйөөсүн мыйзамдардын чегинде жоопко тартууну суранды.

Натыйжада, сот жолдошун күнөөлүү деп таап, аны 60 саат коомдук жумушта иштетүүгө өкүм кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости