www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядан мекенине жеткирилген 918 өзбекстандык Наманган облусунун Пап районундагы карантин аймагына жайгаштырылды. Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 9-августта «Самара – Бузулук – Ташкент – Пап» поезд каттамы менен келген жарандар дароо дезинфекциядан өткөрүлүп, 10 күнгө карантинге алынды.

Буга чейин Өзбекстандын Транспорт министрлиги орус-казак чек арасында топтолуп турган өзбекстандык жарандарды мекенине жеткирүү иштери башталганын кабарлаган.

6-августта Бузулук-Ташкент, 7-августта Кинель-Ташкент багыттары боюнча ар биринде 918ден жүргүнчүсү бар эки поезд каттамы чыккан. Аларды Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын, Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматкерлери коштоп жүрүүдө.

10-августта поезд менен Орусиядан Самаркандга 918 өзбекстандык жаран жеткирилди. 13-августта Ростов облусунан чыккан поезд каттамы менен дагы 918 жүргүнчү Ташкенте келет деп күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости