www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суучулдар кызматынын тазалоо иштеринин жүрүшүндө Түп районунун Күрмөнтү жана Кудургу айылдарынын тушунан эски 17 торду чыгарышты. Алардын жалпы узундугу болжол менен 1700 метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдү тазалоого багытталган комплекстүү иш-чаралар улантылууда. Браконьерликке каршы бирге күрөшүү, көлдү синтетикалык торлордон тазалоо боюнча иштер тынымсыз жүрүүдө. Ошондой эле таштандылардан арылтуу максатында жыл сайын активдүү түрдө ишембиликтер өткөрүлүп келет.
Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоого ар бир кыргызстандык салым кошуп, браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы турушу зарыл. Жаратылышты коргоо жана ага аяр мамиле кылуу ар бир жарандын милдети.