www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жол инфратүзүмүн жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлөт.

2026-жылдын 26-мартынан 31-мартына чейин Дэн Сяопин проспекти менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабында транспорт кыймылы убактылуу жабылат.

Бул аралыкта атайын техника колдонулуп, эски асфальт катмары кырылып алынат, андан соң жаңы асфальттын биринчи катмары төшөлөт. Мындан тышкары, кудуктар жана жамгыр суу кабыл алуучу торлор оңдолуп, жолдун деңгээлине ылайык тегизделет.

Бул иштер жол жабуусунун сапатын жакшыртууга, транспорттун жүрүшүн ыңгайлуу кылууга жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган. Оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө аякташы пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана айдоочуларды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, алдын - ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Последние новости