www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыныгы таланттын кимдигин айкын ачыктап турган өздүгү болот. Чейрек кылымдан ашуун Нарын областтык М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында эмгектенген, өз кесибинин фанаты, профессионал талант — актриса Сапина Көгөева менен маек куруп, анын театрдагы тажрыйбасы, каармандарына болгон мамилеси жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылдык.

Ар бир каарманды аяп, боор тартып турам

— Кайсы каармандардан улам ийгилик сиз тарапка жылмайт?
— Театрдын тузу оор дешет. Туз насиби буюруп, ушул куттуу театрга келгениме 45 жылдын жүзү болуптур. Ар бир ролум мен үчүн ыйык. "Бул ролум жакшы чыкты, бул болбой калды" деп баалоого акым жок. Ар бир каарманымда менин көкүрөктөн чыккан үнүмдүн бир бөлүгү бар.

Үн жана дикция — актрисанын өзгөчөлүгү

— Үндү калыпка келтирүү үчүн атайын машыгасызбы?
— Ооба, үн — биздин кесиптин эң негизги өзгөчөлүгү. Дикция жана үн мыкты болсо, залдын акыркы катмарындагы көрүүчүгө да жетет. Үндү сактоо үчүн көнүгүүлөрдү жасайбыз. Биздин кесипте адал тапкан наныбыз ушул.

Терс каармандарга боор тарткан учурлар

— Көрүүчүлөр оң каарманды кумир тутса, терс каарманга боор тарткан күндөрүңүз болот беле?
— Мисалы, алты жыл мурун Москвадагы Крокус Ситиде өткөн “Ыйман кечеси” сахнасында “Ажырашпагылачы” сценкасында кайненин ролун аткаргам. Залда Чубак ажы баш болгон аалымдар отурушкан. Кече аяктагандан кийин Чубак ажы: "Эже, жаман кайнененин ролун чыныгы кесипкөй аткардыңыз" — деди. Бул мен үчүн чоң жеңиш болду. Ошондой эле мен терс каармандардын мүнөзүнө боор тартып, аларды аяп калам.

Каармандын өзүнөн өз мүнөзүн көрүү

— Кайсы каармандардан өз мүнөзүңүздү көрөсүз?
— Каармандын мендеги мүнөзгө окшоштугун байкаганда, ролду жеңил чыгара алам. Эгер таппаса, көп эмгек талап кылынат. Күйөрмандар "ушул ролдо жашап чыктың" деп баалай беришет.

Кыялыңыздагы роль

— Актёрго аткарыла элек рол кызык эмеспи?
— Бул кесипти тандаган соң кыялдар иш жүзүнө ашпай койбойт. Кыялдарымдын көбү аткарылды, бирок дагы жүрөктө жашап турган кыялдагы ролдор бар. Буюрса, аткарууга үлгүрөм.

— Кыял менен максаттын айырмасы барбы?
— Кыял жана максат эриш аркак жүрөт. Максат кыялды ишке ашырууга жетелейт. Максатсыз адам агымга калкып калган сыяктуу, максат коюлган адам аны ишке ашырууга аракет кылат.

Өмүргө саресеп

— Өтмүшкө караганда эмнени ырас кылдыңыз дейсиз?
— Театр кесибин тандаганымды туура чечим деп эсептейм. 11-12 жаштагы секелек кыздын кыялы ишке ашып келатат. Театрдын залкары, устаттары бизге үлгү көрсөткөн. Мен дагы ролду аткарып, ырдадым. Туура кесип тандаганым — жашоодогу утушум болду. Жаратканыма миң мертебе шүгүр.

Последние новости