www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Ош шаарында Даун синдрому бар балдарды коомго аралаштыруу, алардын социалдык адаптациясын камсыз кылуу жана ата-энелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында “Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган көп функционалдуу күндүзгү ресурстук борбордун расмий ачылышы болуп өттү.
Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, көп функционалдуу күндүзгү ресурстук борбордун салтанаттуу ачылышын өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, балдар жана алардын ата-энелери менен пикир алышты. Ошондой эле балдар менен биргеликте уюштурулган иш-чараларга катышты.
Шаар мэри өз сөзүндө мындай социалдык багыттагы борборлордун коом үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, өзгөчө муктаждыгы бар балдарды колдоо, алардын коомго толук кандуу аралашуусуна жана тең укуктуу шартта өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү Ош шаардык мэриясынын социалдык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи.
Учурда “Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фондуна Кыргыз Республикасынын түштүк аймактары боюнча 300дөн ашуун ата-эне катталып, алардын ичинен 70и Ош шаарынын тургундары болуп саналат. Ресурстук борбор балдардын өнүгүүсүнө, өз алдынча жашоого даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле ата-энелерге социалдык, психологиялык жана маалыматтык жардам көрсөтүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүп келет.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы менен түзүлгөн 2025-жылдын 11-декабрындагы №121/25 эки тараптуу келишимдин негизинде Амир-Тимур көчөсү №8/914 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 200 чарчы метр болгон имарат “Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фондуна 5 (беш) жылдык мөөнөткө убактылуу ижарага берилди. Аталган имаратта тиешелүү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.