www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов өлкөдө баалардын өсүшү айрыкча студенттер менен пенсионерлер үчүн олуттуу көйгөй жаратып жатканын билдирди. Анын айтымында, мамлекет «баарын рынок чечет» деген пассивдүү позицияда турбашы керек. Бул билдирүү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Шыкмаматов бизнес жүргүзүүдө соода үстөк пайызы 20 пайыздан ашпоого тийиш экенин айтып, эгер ал 30 пайызга чейин көтөрүлсө, Монополияга каршы кызмат сөзсүз чара көрүшү зарыл экенин белгиледи. Анын пикиринде, мамлекеттик органдар калктын кызыкчылыгы үчүн баа саясатына активдүү аралашуусу шарт.
Бирок бул билдирүү менен кошо бир катар суроолор да жаралууда. Акыркы жылдары баалардын кескин өсүшү байкалганы менен, тиешелүү көзөмөл органдарынын реалдуу жана натыйжалуу аракеттери коомчулукка байкала элек. Эгер соода маржасы чындап эле 20 пайыздан ашпоого тийиш болсо, анда бүгүнкү күнгө чейин бул талап эмне үчүн аткарылбай келди? Антимонополиялык кызмат буга чейин кайда болду деген суроо логикалуу түрдө коюлууда.
Мындан тышкары, бааны көзөмөлдөө тууралуу сөз болгондо, мамлекеттик кызматкерлердин билдирүүсү декларациялык деңгээлде калбай, практикалык чаралар менен коштолушу зарыл. Албетте, Шыкмаматовдун “жарандардын жашоосун жакшыртуу биздин максат болушу керек”, - деген сөзү туура . Бирок бул максатка жетүү үчүн конкреттүү механизмдер, ачык көзөмөл жана жоопкерчилик талап кылынат. Болбосо баалар өсө берет.