www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- 2015-жылы «Улутман» телеберүүсүндө Чыңгызхан кыргыз болгонун сиз илимий булактардын негизинде далилдүү айтып бердиңиз эле. 2016-жылы май айында чыккан «Улутман» гезитинде бул жөнүндө көлөмдүү макала жарыяладыңыз... Тарыхый булактардын кайсыларына таяндыңыз? Алар ишенимдүү булактарбы?

- Тарыхтын тереңинен маалыматтарды ырааты менен келтирейин. Биринчи. Рашид-ад Дин 1430-ж. «Тарых жыйнагы» деген эмгек жараткан. Москва шаарында 2012-ж. ЭКСМО басмаканадан чыккан «Чингисхан. Сокровенное сказание» деп аталган китепте «Тарых жыйнагынан» көлөмдүү үзүндүлөр келтирилген. Китептин 163-бетинде Чынгысхан кытай элчилерин кабыл алууда - деген сүрөт берилген. Бул сүрөттө Чынгыз хан Ак-калпак кийип турат. 


 Биринчи сүрөт: Чынгысхан кытай элчилерин кабыл алууда

«Джами ат-таварихикол» жазмасынан. 1430ж.

Экинчи. 1540-ж. Самарканд шаарында Масуд Ибн Соманий Кухистан жазган «Абылкайыр – каан тарыхы», жана Гарольд  Лэмб «Тамерлан. Повелитель и полководец, Москва. Центрполиграф. 2014 г., «Джами ат-таварихи», деген китептерден түстүү сүрөттөр келтирилген (Экинчи, үчүнчү сүрөттөр).

Экинчи сүрөт: Чынгысхан уулдарын Сыр-Дарыянын жээгинде кабыл алууда. (Чынгысхан, төрт баласы жана үч жардамчысы – баары Ак-калпак кийип турат)

«Абылкайыр – каан - тарыхы» 1540 ж.

Үчүнчү сүрөт: Тамерлан 1370– жылы Балх шаарын курчоого алганда. (Сүрөттө көпчүлүк Ак калпакчан).


 Төртүнчү сүрөт: Абага хандын такка олтурушу (Иран) 1265 – 1282 жылдар (сүрөткө түшүндүрмө 97- бетте).

Бешинчи сүрөт: Хулагиддердин жетинчи Эл ханы Газан хан ак сөөктөрдү кабыл алууда. 1295 – 1304 жылдарда бийлик жүргүзгөн. (сүрөткө түшүндүрмө 97- бетте).

Алтынчы сүрөт: Газан хандын исламды кабыл алышы.  1295 – 1304- жылдарда бийлик жүргүзгөн. 
(сүрөткө түшүндүрмө 98- бетте).

Жетинчи сүрөт: Тамерландын небереси, Шахрухдун уулу Улугбек 1405 – 1449- жылдары бийлик жүргүзгөн. Сүрөт 1425-1450 жылдар аралыгында тартылган. Улугбектин аялдары монголчо кийинген. Анын 2 уулу жана 3 генералы ак калпак кийиип турат. (сүрөткө түшүндүрмө 98- бетте).


Сегизинчи сүрөт: Абулхайир хандын такка олтурушу. 1428 – 1468-жылдары бийлик жүргүзгөн. Масуд Усмани Кухистанинин «Тарих-и Абулхайири-хани»(1541 ж) китебинен алынды (сүрөткө түшүндүрмө 98- бетте).

Тогузунчу сүрөт: Осмон империясынын 1-падишахы Осмон Газы (1281-1299). Джулюс (тронная церемония) Стамбул шаарындагы Топ–Капы музейинде (сүрөткө түшүндүрмө 98- бетте).

Үчүнчү. Абуль-Гази-Багадур хан 1660-жылдары жазган «Түрк элдеринин санжырасы» деген эмгегинде (1726-ж. француз, 1770-ж. орус, 1780-ж. немис тилдеринде которулган) 45, 46, 94-беттеринде   минтип  жазат: Тумен хандын тогуз баласы болгон. Түн уулу Жаксу (Ноотакын), эң кенжеси – Жантай, ортосунда эгиздер Кабул, Кажул, Кабулдан – Бартан-баатыр, Кажулдан – Иримчи Барлас, Аксак Темир (Тамерлан) барлас уруусунан. Бартан-баатырдан Есугей, андан – Темучин (Чынгызхан). Кыргыздын эмчи-домчулары эмдегенде бүгүн дагы «бул менин колум эмес, түпкү атабыз Тумен-хандын колу»– дешет.

Төртүнчү. Француз тарыхчы Д`Оссон К. «Чынгыз-хандан Тамерланга чейин» деген эмгегинде (Алматы, Санат, 1996 ж.)   минтип жазат – 42, 216-беттеринде:  «Тумен хандын аялы, Кабулдун аялы, Есугейдин аялы – Чынгыз-хандын энеси, Чынгыз-хандын аялы, Чынгыз-хандын көзү өткөндө такка олтурган уулу Угедейдин аялы – баары кыргыздын кыздары болгон» -  деп.

Бешинчи.  С.М.Абрамзон «Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер» деген китебинде (Бишкек ш. 1999 ж.) минтип жазат (633, 634, 671-беттери) «Түмөн-хандын Тун уулу Жаксу, андан Ак-Мангыт, андан Кутлук-кыя, андан – Эдигей». 

Жумгал, Суусамыр, Ак-Талаада жашаган чекир саяктар түпкү ата-бабаларынын бирин Эдигенин ысмы менен байланыштырат» - деп.

Чекир-саяктар кыргыз эмес деп ким айталат? 

Алтынчы. Чынгыз-хан балдарына койгон аттар: Жоочу (жоону алган уул болсун), Жаадай (жебедей алыстан алган), Өгөөдөй (катуу, кайраттуу, жешилбеген, өгөөдөй бекем), Туу уул (туу көтөргон уул болсун).

900-жыл ичинде бурмаланып Жучи, Чагатай, Угедей, Тулуй деп жазылып, бизге жетип олтурат (Николай падышаны кыргыз Мекелей деп айткандай).

Жетинчи. Жоочу дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткенде суук кабарды Чынгыз-ханга эң жакын, эң сыйлаган адамы угузат эмеспи (кыргыздын салты боюнча).

Бука деген аскер башчысы, кыргыз, комуздун күүсү менен угузат. Кыргыздан башка бир дагы элде комуз аспабы жок! 
Күүнү коштоп минтип айтат: «Алтын боолуу Ак-Шумкар алтын боосун үзүптүр, Айга карай сызыптыр. Күмүш боолуу Көк-Шумкар күмүш боосун үзүптүр, Күнгө карай сызыптыр» – деп. Бул сөздөр кыргыздыкыбы же монголдукубу?

«Кет Бука» комуз күүсү бүгүн да элибизде чертилип жүрбөйбү!!!

Сегизинчи. 1979-ж. Казань шаарында жарык көргөн «Жалованные акты Джучиева улуса XIV-XVII в.в.» деген китепте тарыхчы Усманов Миркасым тарыхый булактардан үзүндүлөрдү келтирет – 80 - 82- беттер «Түтүн салыгын буйрук кылдым» деген жарлыгын окуп абдан таңгалдым. Накта, талашсыз, кып-кыргыз тилинде Жоочу жарлык чыгарып турбайбы!!!

Тогузунчу. Капитан Андреев И.Г. 1785-ж. «Описание Средней Орды киргиз-кайсаков» деген китебинде минтип жазат: «В старинной татарской истории нашел я, Чынгыз-хан... взяв с собой трех человек, ушел в Черную гору (Кара-Тоо) к киргизам, наказав своей матери, ежели будут его искать, чтобы там искали...» - деп, 25 бет.

Эмне үчүн баш калкалап, 11 жаштагы Чынгыз-хан кыргыздарга качкан??? Анткени, ал өз тегин жакшы билген!!! Чынгыз-хан деп кийин аталган, бала кезинде аты Темирчың (темирдей чың, катуу, курч болсун - деп) болгон.

Чыңтемир, Темирчың, кыргыздын ысымдары болуп жатпайбы!!!  

Онунчу. Россиянын тарыхчылары Рачневский, Кычанов Е.И. «Алан-Гоа трех своих младших сыновей родила от кыргыза»– деп жазып чыгышкан.

Он биринчи. Чынгыз-хан дүйнөдөн өткөндөн кийин (1227-ж.) хан болуп уулу Угедей шайланат. Ал дүйнөдөн 1241-ж. өткөндөн кийин так талаш башталат. Жучинин уулу Батый менен Угедейдин уулу Гуюктун ортосунда нааразычылык күчөйт. 1250-жылдан кийин Монгол империясы ыдырай баштайт.

Батыйдын  небереси Мөнгү - Темирдин  демилгеси  менен 1269-ж. Таласта Курултай өтөт.
«По инициативе Менгу-Темира был созван в 1269 г. Курултай, который состоялся в Таласе. На Курултае был установлен мир между улусами Джучи, Угедея и Чагатая и уточнены границы каждого из них...«»  Р. Рахманалиев, «Империя тюрков»,  Москва, 2015 г., 345-бет.

Эмне үчүн курултай Таласта өткөн? Бир-бири менен согуша баштаган Чынгыз-хандын урпактары Манас бабабыздын арбагы жаткан жерде башыбызды кошуп, ынтымакка келбесек, бөлөк жерде ынтымакка келе албайбыз – деп, Таласта баары башын кошуп, кайрадан биригишкен.

Он экинчи. Тамерландын кан сарайында көп жыл жашаган Испаниянын элчиси Руи Гонсалес де Клавихо минтип эскерет: «Тамерландын кан сарайында кышында бозо, жайында кымыз, ал эми сый тамактын эң баалуусу «задняя часть лошади» – деп.

Уча, бозо, кымыз – кыргызга гана таандык, ал эми өзгөчө – Уча менен бозо!!!

«Кажулдун урпактары аскер башчы, Кабулдун тукуму – хан болсун» – деген эки эгиз бир туугандардын чечими чегилген күмүш буюм казнада сакталып турганын Темир (Тамерлан) жакшы билип өмүр бою аскер башчы болуп өткөн».

Гарольд  Лэмб. «Тамерлан.  Повелитель и полководец». Москва. Центр полиграф. 2014-ж. 24-бет.

«Государь (Тамерлан) сидел скрестив ноги... Он был одет в шелковое облачение и высокую белую шапку». Ак калпак кийгенин баса белгилеп айткан ошол заманда Испания мамлекетинин элчиси Руи де Гонсалес Клавихо.

Гарольд Лэмб. «Тамерлан. Повелитель и полководец». Москва. Центр полиграф.2014-ж. 321-бет.
Он эки топко кирген кыска, бир сүйлөм маалыматтар жөн эле кокустук, кыргызга тиешеси жок – деп акыл-эсин жоготкон, келесоо гана айтпаса, соо адам же ойлонуп калат, же ишенет.

«Чынгызхан, мейли, кыргыз болсун. Бирок, андан биз эмне пайда көрөбүз? Бул маселени эмне эле талаша бересиңер?» – деген пикирлер да айтылып жүрөт. Үстүртө караганда ошондой. Бирок терең ойлонгондо бул маселенин мааниси зор. 

Кыргызга таандык адилет, калыс, чынчыл, кайрат, эр жүрөк, жөнөкөй, даанышман, келечекти көрө билген сапаттар болбосо Чынгыз хан чыгыштан – Тынч деңиз, батыштан – Кара денизге чейин түркүн эл, далай өлкөлөрдү бириктирип, алардын ынтымак, биримдикте жакшы жашоосун камсыз кыла алат беле? 

Чынгыз хандын далай ийгиликтери, улуу сапаттары бизге үлгү болсо жаманбы?

- Чыңгызхандын, Темирландын теги жөнүндө сиз «Манас жаңырыгы» телеканалында маек куруп, далай тарых китептерди алып келип, барактап окуп күмөн санатпай далилдеп бергениңизди элибиз көрдү. Андан бери бир-топ убакыт өттү, бирок сиздин айтканыңызды бир да илимпоз, тарыхчы талаша алган да жок, жокко чыгара алган да жок.
Бул маалыматты кыргыз эли кантип эстен чыгарып, унутуп калды?

Коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун калемине таандык маек улантылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости