www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо алдында Марлен Маматалиев өзүнүн мурдагы коллегияларын жамандап “жугунду” куйган эле. Анда ал: “Ичип келишет, келип алып чогулуп ичип отурушат. Учурашсаң жыттанат”,- деген өңдүү бир топ сөздөрдү айткан эле. Бул кадам анын электоратка башкача көрүнүүгө, эски команданын кемчиликтеринен өзүн бөлүп көрсөтүүгө жасаган аракети катары кабыл алынган.

Бирок эми жаңы чакырылыш ишин баштаганда жаңы келген депутаттар Маматалиев менен кандай мамиле күтүп, кызматташат деген негизги суроо кайрадан күн тартибине чыгары бышык. 

Дегенибиз, парламенттеги иш бир гана мыйзам жазуу эмес, ишенимге, өз ара сыйга, саясий этикага таянган чөйрө. Андыктан ишеним солгундаган жерде команда болууга мүмкүн эмес. Эми Маматалиев үчүн эң негизги милдет, сөзү менен ишинин ортосундагы ажырымды жоюп, конструктивдүү кызматташтыкка даяр экенин далилдөө.

Саясатчылар көп айткан “убакыт баарын ордуна коёт” деген сөз бар. Бирок парламентте убакыт ишеним жараткан адамдардын гана пайдасына иштейт.

Последние новости