www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Haaretz басылмасы Израиль өлкө аймагында жүргөн украин качкындарын коргоого алуу макамынын мөөнөтүн узартуудан баш тартканын жазды. Эми алар өлкөдөн чыгарылышы керек.
Маалыматта: "Израилден баш паанек тапкан он миңдеген украиналык макамынан ажырап, ушул айдын аягынан тарта депортациялана башташы ыктымал", - деп айтылат.
Украин качкындарынын абалы премьер-министр Бинтямин Нетаньяхунун жеке көзөмөлүнө алынгандан кийин кескин начарлап кеткен. Ага чейин муну менен ИИМ башчысы алек болуп келген.
Эскерте кетсек, ноябрда Нидерланддар, Латвия, Польша жана Германия украин качкындарын субсидиялоо кыскарганын билдиришкен. Германия канцлери Фридрих Мерц өлкө аймагында иштебеген украиналыктардын саны болуп көрбөгөндөй арбыганын, алар бекерчи болбой эмгектениши зарылдыгын белгилеген болчу.