www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунун Достук айылында гипсокартон чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышты.
МинКаб төрагасы индустриялаштыруу өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, республика боюнча жылына 100дөн ашуун ишкана ишке киргизилип жатканын белгиледи.
“Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 595 млрд сомдон ашып, өсүү 9,8%ды көрсөтүп, курулуш материалдарынын үлүшү 8,4% түздү. Өнөр жай сектору туруктуу оң динамиканы көрсөтүүдө, бул жалпы макроэкономикалык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизүүдө. Алдын ала баалоо боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 1,4 триллион сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,0 %га көбөйдү. Республикада курулуш секторунун динамикалуу өнүгүшү курулуш материалдарына болгон суроо-талаптын жогорулашын шарттайт жана бул тармактын андан ары туруктуу өсүшү үчүн өндүрүштү көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда. Мындай шартта жаңы ишкананын ачылышы стратегиялык мааниге ээ болууда”, - деген МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, бүгүнкү күндө гипс продукциясын импорттоодон көз карандылык жогору бойдон калып жатканын, анын импортунун көлөмү 2025-жылдын 9 айында 8,5 млн чарчы метрди түзгөнүн кошумчалады.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, ишкананын ишке кириши импорттук көз карандылыкты кыйла азайтууга, курулуш тармагын сапаттуу ата мекендик материалдар менен камсыз кылууга жана аймакта кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миллион чарчы метрге чейин гипсокартон барактарын жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканада 80 жумушчу оруну түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 11,7 млн доллар инвестицияланган.