www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында «Кыргызстан аял-судьялар ассоциациясы» коомдук уюмунун «Аялдар жана кыздардын адилеттикке жетүүсү. Гендердик зомбулукту алдын алуу» темасындагы XI жылдык конференциясы болуп өттү.

Иш-чара онлайн жана офлайн форматында өтүп, аялдар менен кыздардын адилеттикке жетүүсүн жогорулатууга, ошондой эле гендердик зомбулуктун тобокелдиктерин азайтуу боюнча натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгууга багытталган маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн эксперттерди бириктирди.

Конференциянын катышуучуларынын алдында «Кыргызстан аял-судьялар ассоциациясы» коомдук бирикмесинин Байкоочу кеңешинин төрайымы, отставкадагы судья Гүлнара Дүйшөнбекова, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев, Судьялар кеңешинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Аида Сейдакматова сөз сүйлөштү.  

Ошондой эле Омбудсмен институтунун жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, өнөктөштөр — Бишкектеги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Программалык кеңсеси, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана БУУнун Баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин өкүлдөрү дагы чыгып сөз сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин сөзүн төраганын орун басары Нургуль Бакирова окуду.

«Бүгүнкү конференциябыздын темасы — «Аялдар жана кыздардын адилеттикке жетүүсү» — өтө өзөктүү жана маанилүү маселе. Бул тема демократиялык укуктук мамлекеттин фундаментин түзгөн принциптерди камтыйт жана адам укуктарын камсыз кылуу, укуктун үстөмдүгү жана сот системасынын натыйжалуу иштеши менен тыгыз байланышта.

Адилеттикке жетүү — Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мамлекетибиз ратификациялаган эл аралык документтерде, анын ичинде аялдарга карата бардык түрдөгү дискриминацияны жоюу жөнүндө конвенцияда бекитилген теңдик принциптерин ишке ашыруунун негизги элементи.

Бирок практикалык турмушта аялдар жана кыздар эркектерге караганда көбүрөөк жана олуттуу укуктук, экономикалык, социалдык-маданий жана институционалдык тоскоолдуктарга туш болууда. Алардын катарында, өз укуктарын коргоо механизмдери тууралуу маалыматтын жетишсиздиги, юридикалык жардамга төлөө мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү болушу, коомчулуктун айыптоосунан коркуу, мамлекеттик органдардын гендерге байланышкан укук бузууларга жетиштүү сезимтал болбогондугу.

Өзгөчө аялуу топко кыздар кирет. Алар ресурстарга өз алдынча жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, чоңдорго көз каранды жана көп учурда өз кызыкчылыктарын коргой турган механизмдерге жетишпейт», - деди Нургуль Бакирова.

Кыргыз Республикасынын сот системасы аялдардын жана кыздардын өз укуктарын коргоо боюнча реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүп жатканына басым жасалды.

Нургуль Бакирова катышуучулардын көңүлүн 2024-жылдын 17-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму гендердик мүнөздөгү укук бузуулар жана жашы жете электердин укуктарын коргоого байланышкан иштерди кароодо сот практикасынын бирдейлигин камсыз кылууга багытталган маанилүү токтом кабыл алганына бурду. Бул чечим аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоого багытталган ченемдик базаны жана соттор өз ишин жетектеген бир катар принциптерди бекемдеди.

 

Последние новости