www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын атынан фейк билдирүү тарап жатат. Мындай билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришип, жарандарды сак болууга чакырды.
"Урматтуу мекендештер, талапкерлер жана талапкерлердин өкүлдөрү!
Акыркы кездерде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жупуева Айдана Садыковнанын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлерге WhatsApp аркылуу билдирүүлөр келип, коркутуулар жана басымдар болуп жатканы боюнча маалыматтар айтылууда. Бул маалыматтар чындыкка дал келбеген фейк экендигин расмий билдиребиз. Ошондой эле, пайдаланылып жаткан телефон номери (0221 239282) Айдана Жупуевага тиешелүү эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эч бир талапкерге артыкчылык бербейт жана объективдүүлүк принцибин карманат. Андыктан, мындай чалууларга, WhatsApp билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.