www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда айдоочулардын мушташы тартылган видео тарады. Кадрларда эркек кишинин жерде жатканы, ал эми жаңжалдын башка катышуучулары унаага отуруп кетип жатканын көрүүгө болот.
1-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт боюнча сотко чейинки текшерүү башталды. Анын алкагында милицияга 1998-жылы туулган Ж.М. жана 1998-жылы туулган И.Б. жеткирилди.
Аларга карата КРдин Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлдү. Кармалгандар райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.