www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районунда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Сокулук райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө 1996-жылы Манас айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жол айылындагы жалпы аянты 1235 чарчы метр болгон эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана ага чектеш 5453,45 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Кийин бул мүлк бир нече жолу сатылып кеткен.
Прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 48,1 миллион сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.