www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанга кошуна өлкөлөрдөн келген жүк ташуучу жана жеңил унаалар өлкөгө суткасына бир гана жолу кире алат. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министринин орун басары Кайырхан Туткышбаев билдирди.

Анын айтымында, бул чара чектеш аймактарда күйүүчү-майлоочу каражаттарды керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу киргизилген.

«Бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майлардын зарыл кору түзүлдү. Өлкө калкы үчүн тартыштык байкалган жок», - деди ал.

Туткышбаев учурда негизги иш Казакстандан күйүүчү майды көмүскө ташып чыгуу үчүн унааларга кошумча бензин багын орнотуу учурларын аныктоого багытталып жатканын белгиледи.

 

 

Последние новости