www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиз каргышка ишенесизби? Каргыш деген эмне?

Ата-эненин каргышы баарынан күчтүү жана коркунучтуу болот. Анын коркунучтуулугу мында - бала төрөлгөндөн тартып ата-энеси менен ал өтө тыгыз байланышта болгондугу үчүн мааниге ээ. Бир кичинекей сөз менен баланын тагдырына балта чаап алган учурлар кездешерин эч ким элес албайт. Анан да, каргыш муундан-муунга сакталып кала бергени менен кооптуу. Жети муунга чейин жетерин бабаларыбыз айтып эле келген.

Жашоо гүлдөрү - балдар

Балдар бизге энергия берип кубаныч тартуулайт, жашообуздун мазмуну жана бактысы, ийгиликтерге үндөп, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдейт. Биз өз балдарыбыз менен сыймыктанып, бир нерсе болсо алар менен кошо кейип, аларга жардам берип, эң оор убакта колубуздан келишинче жөлөп-таяп кетебиз. Бирок, ата-эне баласын канчалык жакшы көрбөсүн, айрым бир убактарда алардын ортосунан жарака кетерин баары эле билишет.

Керек болсо, эң сүйкүмдүү деген балдар да кээде ата-энесине тоң моюндук кылып, алардын тилин албай, жалкоолонуп, ачууланып, акаарат сөз сүйлөөгө барат. Айтор, ар түрдүү жагымсыз нерселер болушу мүмкүн. Мындайга ар бир эле ата-эненин чыдамы да, акылы да жете бербейт, себеби, алар деле адам да...

Эгер, ата-эне өзүн кармап, балага жаман сөзүн агытпай, акыл-насааттары менен теске салса го мейли, ал эми, баласына уу тилин агытып, анын мындай жаман жүрүш-турушу үчүн ал коркунучтуу жоопко тартыларын айтып каргап турса, анда, жаман сөздөр сөөккө өтүп, каргыш механизми өзүнөн өзү ишке кирип кетиши мүмкүн.

Ата-энелер үчүн кылтак

Баарынан да эне каргышы өтө күчтүү болорун көптөрү билбейт. Себеби, эне-баланын ортосу өтө жакын болгондуктан, - айтылган жаман сөздүн кайсы бири баланын биоталаасын тешип өтүшү мүмкүн. Үй-бүлө өзү жалпы энергетикалык фонго ээ, андыктан кайсы гана энергетикалык сөз болбосун атадан-балага өтө жеңил өтүп кете берет, а башкалардын катуу сөзү буларга караганда суу кечпей калат.

Ата-эненин баланын үстүнөн жүргүзгөн бийлиги тээ табигаттын түпкүрүнөн бери келатат. Ооздон чыккан алкыш баланы көккө  жеткирип, же тескерисинче катуу каргышы каран күнгө калтырган убактар көп. Керек болсо, бир үй-бүлө бүт анын ата-тегинен калган каргыштан жапа чеккен көрүнүштөр болгон. Байыркы  Римде болуп өткөн болумуш биздин күнгө чейин айтылып келет:

Бир кемпирдин тогуз  баласы болуптур. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып өстүргөн апасын эң улуу баласы бир күнү өтө капа кылып, ага кол көтөргөнгө   чейин   барыптыр.

Анысына чыдабай ызаланган кемпир улуу баласын аябай каргап, аны менен бирге калган балдарын да каарып өтөт! Ошол эле күнү апасына кол көтөргөн баласынын колу-буту титиреп, жатып калат. Бир жылдын ичинде калган балдары да улуусунун кейпин киет...

Муну ал жерде жашагандын баары өз көзү менен көрүп, эне каргышына калган бир үй-бүлөнүн балдарын өздөрүнө кошпой, аларды бөлүп ташташат. Кудайдын каарына калган уулдары да, энеси да өтө чоң  ката кетиргенин билип өкүнгөндөрү менен кеч болуп, каргыш аларга сиңип кеткен экен.

Бумерангдын "жемиши"

Мындайда, бир гана балдар эмес, ата-эне өздөрү да жаман күнгө кабылып кыйналышат. Эгер атасы же апасы балдарын каргаса, алар өздөрү да бул каргыштан четте кала албайт экен. Өздөрүнүн эле балдары, балдарынын балдары, андан кийинки урпактарына каргыш өтүп кете берет. Мына бул жөнөкөй эле жашоону алып көрөлү:

Керим менен Атыр (аттары өзгөртүлүп берилди) көп жылдардан бери эрди-катын болуп жашап, уулун чоңойтуп, убагында үйлөнтүп жайлантышкан. А бир күнү Керим башка бирөөнү сүйүп калганын айтып үйүнөн чыгып кетет. Албетте, бул Атыр үчүн күтүлбөгөн сокку болду да. Ал күйөөсүн каргап-шилеп, баласына:

"Эгер атаң менен байланыша турган болсоң, анда мен сени каргап коем! Ал бизди таштап кетти!", - дейт.

Бирок, ата деген - ата да. Уулу атасын кыялбагандыктан, апасына билдирбей бир нече жыл жолугушуп, ал-жай сурашып, байланышып жүргөн болот. Бир жолу капысынан апасы муну билип калат да, уулуна келип, жетерине жеткизе каргап-шилеп, көз жашын көлдөй төгүп, буркан-шаркан түшөт. Байкуш аялды түшүнсө да болот. Анын ызасы тоодой болчу! Атырдын келини Кудайга ишенген, ыйман-ынсаптуу жан эле. Ал кайненесинин каргышын угуп, ал үчүн Кудайдан кечирим сурап көп убаракерчилик чегет. Бирок, ушул күндөн тартып көз көрүнөө эле бул үй-бүлөдөн ынтымак-ырыс кете баштайт.

Каргыштын курмандыгы

Эгер каргышка калган үй-бүлөнүн тагдырын талдап отурса, кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүктөрдү көрө аласың. Каргышка калган адам дайыма кайгыга батып, жалгыздыктан жапа чегип, айланасын кандайдыр бир коркунуч каптап тургансып сезе берет. Айрым бир убактарда мындай сезимдер өтө күчтүү болуп кетет да, ал бечара жашабай эле өлүп калгысы келет. Өзүн-өзү өлтүрүүгө чейин баргандар бар. А мындай болгондо, анын бүтүндөй ата-теги күнөөгө батат да, дал эле ушундай коркунучтар муундан-муунга, урпактан урпагына өтүп, аларды өмүр бою кыйнап келе берет...

Каргыш бир гана өз башы менен кетпейт. Анын бала-чакасы да андан ары бул жашоодо кыйналып жүрүп өтөт: ар түрдүү коркунучтуу ооруларга кабылат, жинди болгонго чейин барып, аракечтик менен баңгиликке берилет. Мындай адамдар кээде эч күнөөсү жок туруп түрмөгө кесилип, өзүнүн жакшы атына ээ боло албай тентип калган учурлар көп. Бирок, андан да коркунучтуусу - тукум курут болуу.

Дегеле, кимде-ким ата-энесинен ачуу каргыш укса, алар сөзсүз турмушта кыйынчылыктарды башынан өткөрбөй койбойт. Мындай адамдын колунан таалай-бактысы тоголонуп эле түшүп калгандай болот. Бул кесепеттүү көйгөй - каргыш атадан - балага, энеден - кызга өтүп кете берет. Эгер-аял күйөөсүнө заарын чачып, каргап-шилеп турса, анысы бүт дүйнөгө, жашоого, тагдырына таарынычы болуп, айланасына тарап кетет. Балдарына да бул каргышы сиңип, анан алардын үй-бүлөлүк жашоосунда кара тилке пайда болот. Кимдин энеси каргышка калган болсо, никеде алардын кыздары бактысыздыкка кабылары айтылат.

Каргышка каршы турууга болобу?

Бул суроо бардык адамдардын көңүл түпкүрүндө. Каршы турууга болот деп жооп беришет дин аалымдары. Ал өтө жөнөкөй эле: Кудайдан ата-эненин кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, алар үчүн дуба кылып туруу керек.

Жогоруда жазылгандардын көпчүлүгү жалпы адамзатына тиешелүү булактардан алынып жазылды. Ал эми кыргыздарда "Ата каргышы - ок, эне каргышы - бок" деген сөз кылымдан-кылымга айтылып келет.

Демек, эне каргышынан да ата каргышы күчтүү жана коркунучтуу экенин эстен чыгарбоо керек. Балдар ата-эненин нааразылыгына калбай, ата-эне да балдарына этияттап мамиле жасоосу керек экендигин биле жүрөлү.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости