www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2026-жылдын 2-октябрынан 8-октябрына чейин алдын ала маалымат боюнча 23 365 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен 4 710 учур тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкарууга, 362 учур унааны мас абалында айдоого байланыштуу болгон.

Мындан тышкары, автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу боюнча 238, жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 978 факт катталган.

Ошондой эле транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча 5 412, белгиленген ылдамдыкты жогорулатуу боюнча 1 244, автоээнбаштык боюнча 44 учур аныкталган.

Ал эми жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен унаа башкаруунун 6 фактысы катталып, жол кыймылынын эрежелерин башка бузуулар боюнча 1 288 учур аныкталган.

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 731 транспорт каражаты убактылуу айып короосуна токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо этият болууга жана бардык катышуучулардын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Последние новости