www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куран окутууга барган депутат Аалы Карашев Бабановдун эжесине бата кылып келгенин билдирди.

"Бул жерде адам жоготуу, кайгы болуп жатат. Анын эжеси буга чейин өзгөчө абал учурунда каза болгон экен. Барып бата кылып келдим. Ресторанда анчалык деле эл көп болгон жок. Канча экенин так билбейм. Кесиптештерибиз болду", - дейт Карашев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июнда саат 12:00 де экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Бишкектеги “Кайнар” ресторанында эжесине куран окутуп, коронавируска байланыштуу киргизилген чектөө – 50 адамдын ордуна 300 адам чакырган. Ага жалаң депутаттар менен министрлер келишкен. Бабановдун жан сакчылары ал жерге келген Кактус сайтынын журналистине күч көрсөтүп, колун кайрып, кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоолдук жасашкан. Натыйжада Бишкек шаардык мэриясы “Кайнар” ресторанына айыппул салган.

Буга чейин республикалык штабдын жыйынында Кубатбек Боронов массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын жуктургандар көбөйгөнүн айткан.

"Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда", - деп айткан Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости