www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун аймагында Кыргызстандан Тажикстанга мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүү каналы аныкталып, ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандарынын тобу өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу үчүн кызмат адамына пара берүү фактылары аныкталган. Малдарды чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүү үчүн инженердик тосмолор атайылап бузулган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого, ошондой эле аталган фактыга тиешеси бар башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

УКМК аталган аткезчилик иши туруктуу мүнөзгө ээ болуп, аймактагы азык-түлүк коопсуздугуна жана баалардын калыптанышына терс таасирин тийгизгенин кошумчалады.

Последние новости