www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Жүлгүр” жайлоосунда кар көчкү астында калган 37 жаштагы жарандын сөөгү КР ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылды. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-кызматы билдирди.

Издөө иштерине жалпысынан 229 адам тартылып, алардын арасында ӨКМден 19 куткаруучу (1 дрон менен), Коргоо министрлигинен 3 кызматкер, ИИМден 4 кызматкер, Кара-Кулжа айыл аймагынан 3 өкүл, ошондой эле 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана жергиликтүү тургундардан 200 адам катышкан.

Эске салсак, 31-январда жергиликтүү тургундардан турган топ жайлоого мергенчиликке чыгып, ошол маалда кар көчкү жүрүп, анын кесепетинен 37 жаштагы жаран кар алдында калган.

 

Последние новости