www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүндөн тартып «Шанхай Кызматташтык Уюмуна 25 жыл» күмүш коллекциялык тыйыны жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир коллекциялык тыйын акрил капсуласына салынып, сапаттык сертификаты менен бирге кутучага жайгаштырылган. Аны Улуттук банктын кассасынан 15 миң 350 сомго сатып алууга болот.
Шанхай Кызматташтык Уюму — 2001-жылы Кытайдын Шанхай шаарында негизделген. Ага Кыргызстан, Беларус, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү кирет. Бул жылы уюм түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилейт.