www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын жогорку деңгээлде байытылган ураны өлкөдөн чыгарылмайынча, Иран менен болгон согуш бүттү деп эсептелбей турганын билдирди.

«CBS News» каналына берген маегинде ал Ирандагы уран байытуу объектилери толугу менен демонтаждалып, байытылган уран өлкөдөн чыгарылышы керектигин айтты.

«Биз Ирандын өзөктүк потенциалынын чоң бөлүгүн, ошондой эле башка өлкөлөрдөгү прокси күчтөрүн жана ракета өндүрүү мүмкүнчүлүгүн алсыраттык. Бирок мунун баары дагы эле бар жана алдыда көп иш турат», — деди Нетаньяху.

Ошондой эле ал Ирандын өзөктүк материалдары боюнча келишим болбой калса эмне болору тууралуу так маалымат берүүдөн баш тартып, бул өтө маанилүү миссия экенин белгиледи.

Последние новости