www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 30-апрелде №83 мектептин жогорку классынын окуучусуна карата чечим чыгарды.
Райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2010-жылы туулган М.К.А. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (Адамдын кызматтык же кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна байланыштуу ден соолугуна оор зыян келтирүү) боюнча күнөөлүү деп табылды.
Соттун чечими менен ал бир жылдык пробациялык көзөмөлгө кесилди.
16-февраль күнү чак түштө милицияга чакыруу түшүп, анда аскерге чейинки даярдоо сабагынын 69 жаштагы мугалими Б.К. менен жогорку класстын окуучусунун ортосунда мушташ чыкканы кабарланган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, мугалим окуучунун кол салганын айтып, арыз менен кайрылган.