www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ШКУ өлкөлөрү жаш окумуштуулардын академиясын түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык медициналык конгресстин алкагында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, он күн мурун Астанада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйыны болгон. Анда медицинаны биргелешип өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду.

"Катышуучулардын ар биринин жакшы натыйжаларга жетишкен жана дарылоонун жаңы ыкмалары колдонулган өз багыттары бар. Биздин жалпы максатыбыз – сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүү аркылуу калктын ден соолугун чыңдоо", - деди министр.

Бейшеналиев бул жыйында координациялык медициналык кеңеш түзүлүп, жаш окумуштуулардын академиясын түзүү боюнча келишим да талкууланып, кол коюлганын билдирди.

Белгилей кетсек, көрүнүктүү окумуштуу жана клиник, академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске 400гө жакын медицина кызматкерлери, анын ичинде 100дөн ашуун чет элдик коноктор, академиктер жана дүйнөгө белгилүү окумуштуулар катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости