www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) эки-үч күндөн бери Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып турган 51 кыргызстандык бүгүн, 27-мартта Кыргызстанга кайтып келерин билдирди.

Москвадагы "Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан кийин Орусияга барган айрым жарандар өлкөгө кире албай калган. ТИМ аба майданда эки-үч күндүн ичинде 25-30 кыргызстандык топтолуп калганын билдирген. Мекеменин маалыматында, Орусияга киргизилбей калгандардын дээрлик бардыгы бул өлкөнүн аймагында мурда жүргөн мезгилде административдик эреже, мыйзамдарды бузуп, "кара тизмеге" кирип калгандар. Кээ бирлери “Орусиянын коомдук коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн” деген себептер менен кире албай калышкан.

ТИМ Москвадагы элчилик аба майданда кармалып турган жарандарды кайра Кыргызстанга кетирүү боюнча "Аэрофлот" компаниясы менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Орусияга расмий кайрылуу жөнөтүлгөн.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеме Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөткөнүн кошумчалаган.

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Андан кийин борбордон өрт чыккан. Кол салуудан 139 киши каза таап, 190дой киши жараат алды.

Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоого шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталды, алар эки айга камакка алынды. Эртеси дагы үч тажик жараны камалган. 26-мартта Орусиянын Тергөө комитети "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салууга байланышы бар деген негизде сегизинчи шектүүнү да камоону өтүнүп, Москванын Басман райондук соту теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимовду эки айга камакка алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости