www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде жаран таанышы же жакын адамы экстремисттик көз карашты кармана баштаганын байкап, мыйзамсыз диний иштерге азгырылып кетиши мүмкүн деген шектенүү жаралса, муфтиятка кайрылса болот.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Ратбек Турусбеков Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдиргендей, жарандар жергиликтүү имамдарга да кайрыла алат.

"Бардык имамдар аттестациядан өткөн, диний жана светтик билими бар. Мындан тышкары, ИИМге электрондук форматта кайрылууга болот. Барып арыз жазуунун кажети жок. Биздин кызматкер профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүп, радикализмге аралашкан адамга юридикалык баа берет. Жарандар муфтиятка да кайрылууга укуктуу", — деди Турусбеков.

Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча министрлер кабинетинин программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Закир Чотаев Кыргызстанда экстремисттерди кайра социалдаштыруу боюнча программа бар экенин белгиледи.

"Экстремизмди теологиялык, укуктук жана психологиялык багытта алдын алууга болот. Элге исламдын негизги канондору, ошондой эле Кыргызстан биринчи кезекте светтик өлкө болуп, дин тутуу эркиндиги бар экендиги түшүндүрүлүүдө. Дин боюнча мамлекеттик комитеттин ишеним телефонун жандантуу зарыл", — деди Чотаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости