www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында көрүнүктүү өзбек акыны Шавкат Рахмондун 75 жылдык мааракесине арналган адабий-маданий салтанат уюштурулду. Иш-чара Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры сахнасында өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, Өзбекстан Жазуучулар союзунун жетекчилери, сенатор Минхожиддин Хожиматов, Гайрат Мажидов, эл акыны Усмон Азим жана акындын жубайы Манзура Рахмонова катышып, Шавкат Рахмондун чыгармачылыгы тууралуу өз ойлорун бөлүшүштү.
Ошондой эле адабият таануучулар, басма сөз өкүлдөрү жана чыгармачыл интеллигенция мүчөлөрү катышып, акындын мурасын изилдөө жана жайылтуу маселелерине токтолушту.
Салтанатта акын Шавкат Рахмондун өмүр жолу, чыгармачылык мурасы , ошондой эле түрк дүйнөсүнүн адабиятына кошкон салымы өзгөчө белгиленди. Анын поэзиясынан үзүндүлөр окулуп, замандаш адабияттагы орду тууралуу баяндамалар жасалды.
Иш-чаранын уюштуруучулары белгилегендей, бул кече Шавкат Рахмондун чыгармачылыгына болгон урмат-сыйдын белгиси гана болбостон, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий жана адабий кызматташтыкты дагы да бекемдеген маанилүү окуя болду.