www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ок атуучу курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
2026-жылдын 15-январында милицияга Нарын облусунда жашаган жаран мыйзамсыз түрдө курал-жарак сактап жүргөндүгү, ал куралдар мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө таандык болушу мүмкүн экендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
«Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тинтүү учурунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районунда төмөнкү буюмдар табылып, алынган: идентификациялык номуру өчүрүлгөн 7,62 мм калибрдеги Мосина снайпердик мылтыгы, 7,62×54R калибриндеги 34 даана ок, түнкү көрүү приборлору жана оптикалык жабдуулар, ок атуучу куралдын бөлүктөрү, бычак, ошондой эле камуфляж.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда соттолгон 1971-жылы туулган А.Б.М. аттуу жаран кармалган.