www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия менен Украинанын ортосунда согуш жүрүп жаткандан бери эки өлкөнүн ортосундагы маалымт согушу дагы болуп көрбөгөндөй жүрүп келет. Украинанын видеоресурстарынын аталыштарын окусаң баары эле “жеңиш” деп турат. Орусиялык ресурстарды карасаң деле ал жакта да ошол эле, баары “жеңиш”.
Бирок согуш жүрүп жаткан аймактардын картасын карасаң, Россия көзөмөлдөгөн аймактар көбөйүп, Украина айрым жерлерин жоготуп жатканы көрүнөт. Ошого карабай, украиндер алардын куралдуу күчтөрү дайыма чабуулга өтүп, өтө сейрек артка чегинет деп ишенишет. Жеңиш болсо дээрлик колдо тургандай сезилет, анткени Россия алсырап, каршылык көрсөтө албай калды деп эсептешет. Болгону убада кылынган 90 миллиард евро келсе, Украина сөзсүз жеңет деген ишеним бар.
Бирок эмне үчүн украиндер ар кандай эсептер боюнча Батыш буга чейин Украинага 300-500 миллиард долларга чейин жардам бергенине карабай, учурда аймактары азайып, аскерлердин саны да кыскарып, дарандары мобилизациядан качып жатышканын көңүлгө албай, реалдуу баа бере албай жатышат деген суроо туулат. Ошого карабай, көптөр “бирөө келип баарын оңдоп берет” деп ишенишет, ал эми пропаганда бул ишенимди күчөтүп жатат.
Экспртер бул жагдайды баңгизатка көз каранды адамга салыштырат. Андай адам чындыкты кабыл алуудан качып, өзүн жеңүүчү, баатыр сезип жашайт. Бирок чындыкты тануу акыры оор жоготууларга же кыйроого алып келет. Кырдаалдан чыгуу жолу – чындыкты кабыл алуу жана “жасалма иллюзиядан” баш тартуу.